Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук А.Көчөров өзү жасаган шалы тазалоочу техниканы иштетип жатат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Аук айылындагы тракторист Абдумиталип Көчөров шалы тазалоочу техника жасап, аны пайдаланып жатат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Анын айтымында, техниканы 1 жыл мурда жасаган. Аны кураштыруу үчүн 100 миң сом каражат жана 1,5 ай убакыт кетирген. Учурда айылдаштарынын шалысын тазалап кызмат кылууда.

«Мен көп жылдардан бери трактор айдап, тапкан киреше менен үй-бүлөмдү багып келе жатам. Эрте жазда айылдагылардын айдоо жерин айдасам, кеч күздө бедени таңгактап берем. 1 жылдан бери элдин шалысын тазалай баштадым. Алгач Сузакта шалы тазалоочу трактор бар экенин угуп, кызыгып көрүп келдим. Андан кийин кагаз бетине комбайндын түзүлүшүн чийип, ага керектелүүчү тетиктерди карадым. Өзүм да шалы тазалоочу техника жасай ала турганыма көзүм жетип, жасай баштадым. Техниканы жасоо кыйынчылык туудурган жок. Анткени көпчүлүк тетиктер өзүмдө бар болчу. Азыр элдин көпчүлүгү талаадагы шалысын жыйнап жаткан мезгил болгондуктан талаада жумуш кызуу жүрүп жатат», - деди ал.

Устанын мындан тышкары 2 трактору бар. Бирин өзү айдаса, экинчисин кенже уулу айдайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 941
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×