Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокендик дыйкандар күздүк эгип, пахта жыйноо менен алек

Turmush -  Ноокен районунун Шайдан, Арал, Ноокен, Масы, Достук жана Бүргөндү айыл аймактарында күздүк эгин себүү иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда райондун айыл чарба башкармалыгынын башкы адиси Алимбек Эгембердиев билдирди.  

Анын айтымында, учурда 6 техника иштеп жатат.

«Быйыл күз мезгилинде район боюнча 1 миң 720 гектар жерге дан эгүү пландалган. Бүкүнкү күнгө чейин дыйкандар 500 гектар жерге күзгү дан эгиндерди эгишти. Ошондой эле, пахта жыйноо иши да кызуу жүрүп жатат. Пахтанын түшүмү мол болууда. Жердин ээлери пахта терүүгө чыккандарга 1 кг пахта үчүн 10 сомдон акы төлөп берет. Ал эми, пахта иштетүүчү заводдор дыйкандардан 1 кг пахтаны 46 сомго сатып алат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 361
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×