Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.10.2017 14:23

Айыл турмушу: 54 жаштагы А.Өскөнбаев үндүк багуу менен жакшы киреше табат (видео, фото)

Turmush -  Аксы районундагы тоолуу Итагар айылынын 54 жаштагы тургуну Абдимажит Өскөнбаев көп жылдан бери үндүк багып, киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Көп жылдан бери үндүк багам. Мурда 20-30 үндүк баксам, учурда алардын саны 70ке жетти. Үндүктүн санын көбөйтүп, ферма ачууну пландап жатам. Бирок бул иш бир топ эмгекти талап кылат. Ошондуктан ферма ачуудан мурда баардык шарттарды түзүп алуу зарыл. Буларды кичинекей баланы караган сыяктуу дайыма көзөмөлдөп туруу керек. Ферма ачылса башка адамдар да жумуш менен камсыз болмок. Бирок азырынча аны ачууга каражат маселеси чечиле элек», - деди ал.

Анын айтымында, үндүктөр адамдар колдонгон дары-дармектер менен багылат.

«Үндүктүн эти даамдуу болгону менен аны багуу түйшүктүү иш. Жөжө кезинен баштап жакшы көңүл бөлүү керек. Жакшы каралбаса алар өлүп калат. Канчалык дары көп берилсе алардын абалы ошончолук жакшы болот. Дарыны коркпой эле берүү керек. Мен дарыгерлерден атайын кеңеш алып турам. Дары-дармектер ар кандай оорулардан сактап, анын этин жегенде коркунуч жаратпайт», - деди ал.

А.Өскөнбаев үндүктөрдөн тышкары бал аарыларды багат. Анын 4 баласы жана 12 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×