Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 24-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Таштак айылында курулуп бүтө элек үйдүн 185 чарчы метр чатыры жана 1 бөлмөсү күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө унаа тетиктерин сатуучу «Кудайберген» базарынын жанында «Форд Фокус» (мамлекеттик номуру В49-72АТ) үлгүсүндөгү унаанын арткы бөлүгү күйүп кетти. Учурда анын себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 433
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×