Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Жалал-Абад

Жалал-Абад облустук ооруканада биринчи жолу жамбаш сөөктөгү кашка жиликке операция жасалды

Turmush -  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жамбаш сөөктөгү кашка жиликтин башын алмаштыруу операциясы жасалып баштады.  

Оорукананын сынык жаракат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайлановдун айтымында, буга чейин мындай көйгөй менен кайрылган бейтаптар Бишкек же Ош шаарларына жиберилип турган. 

«Жакында Сузак районунун тургуну А.Гүлсарага кашка жиликтин башын алмаштыруу операциясы жасалды. Учурда анын абалы жакшы. Бир жумадан кийин аны үйүнө чыгарууну пландап жатабыз. Биздин ооруканада мындай операция алгачкы жолу жасалып, 1,5 саатка созулду.IMG-20171023-WA0136

Мындан кийин жашы 60тан ашкан адамдарга операцияны биз жасап, ал эми өспүрүмдөр Бишкек же Ош шаарларына жөнөтүлөт. Белгилүү дарыгер С.Жумабековдон тажрыйба алып, эми өзүм да операция жасап баштадым. Адамдын жашы өткөн сайын кашка жиликтин баш жагы бат сынып баштайт. Анын кесепетинен адам кыймылдай албай калат. Бул жүрөк ооруларын күчөтүп, өпкөнүн иштешин начарлатат. Жамбаш сөөктөр да жабыркайт», - деди дарыгер.   

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2320
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
jarankg
13:51, 25 октября 2017
Молодец! Так держать!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×