Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

2 жаштагы кыз Чаткал дарыясына түшүп каза болду

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына 2 жаштагы кыз түшүп кетип каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 21-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Айгыр-Жал айылынын 2015-жылы туулган тургуну А.Абдыбакирова дарыянын жээгинде ойноп жатып сууга агып кеткен. Издөө иштерине 22-октябрь күнү саат 08:55де ӨКМдин №81 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 кызматкер, туугандарынан 12 адам, райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер чыккан.

Куткаруучулар саат 09:55те кыздын жансыз денесин суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×