Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жаңгак сезону: Арстанбапта жаңгак терими башталып, окуучулардын сабакка катышуусу 20%га азайды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында учурда жаңгак терими күч болгондугуна байланыштуу окуучулардын сабакка катышуусу азайды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул абал адаттагыдай көрүнүштөрдү бири. Анткени токойго жакын жерде жашаган жашоочулардын тиричилиги мал чарбачылыгы жана жаңгак теримине байланыштуу.

Арстанбап айылындагы №50 Мамат Кадыров атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу А.Тенимкулованын айтымында, класста жалпы 10 окуучу билим алса, анын 3 окуучусу гана сабакка келген. Ал эми калгандары үй-бүлөсүнө жардам берип, жаңгак тергени чыгып кетишкен.

«Негизи жыл сайын сентябрь айынын аягынан октябрь айынын аягына чейин биздин айылда жаңгак сезону болот. Андай учурда биз үйдөгүлөргө жардам беребиз. Мен дагы жардам берип, жаңгак териштим. Класста жалпы 10 окуучу окуйбуз, бүгүн болсо анын үчөөсү гана келди. 7 окуучу келген жок, алар үй-бүлөсүнө жардам берип жатышат», - дейт окуучу.

Мектеп директору Ыдырыс Тагаевдин айтымында, жаңгак терим башталганда окуучулардын сабакка катышуусу 20-30%га азайып кетиши мүмкүн.

«Кызыл-Суу айылындагы жашоочулардын тиричилиги дал ушул жаңгак менен өтөт, эч кандай айдоо жерлери жок. Күзүндө бир аз көйгөйлөр болот. Сезон башталганда балдардын сабакка келүүсү 20-30%га азайып калат. Мектептин 11-классын быйыл 10 окуучу бүтөт», - дейт мектеп директору.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунда жалпы 65 мектеп бар, анын 21и тоолуу аймактарда жайгашкан. Ал эми район боюнча 34 миң окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 820
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×