Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ноокендик З.Төрөбеков швейцариялык айымдын сунушу менен мөмө-жемиштерди кургатуучу аппарат жасады (фото)

Turmush -  Ноокен районунун тургуну Зайырбек Төрөбеков мөмө-жемиштерди кургатуучу атайын аппарат жасап, аны иш жүзүндө колдонууда. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундан кабар алды.

З.Төрөбековдун айтымында, мындай аппаратты ал Каролина Венгер аттуу швейцариялык айымдын сунушу менен жасаган.

«Бул аппараттын сырткы бөлүгү пленка менен эмес, поликарбонат жана темир менен жабылган. Поликарбонат сыртынан күндүн нурун нормалдаштырып туруш үчүн атайын коргоочу материал менен капталган. Дагы бир жакшы жагы поликарбонат узакка чыдайт. Шкафтын төмөн жагында айнек орнотулган, ал күндүн нурун шкафка чагылдырып, багыттап берип турат. Учурда мөмө-жемиштердин бир нече түрүн кургатууда», - деди З.Төрөбеков.

Эми ал кургатылган мөмө-жемиштерди сапаттуу таңгактап, сатууга даярдоону пландап жаткандыгын айтты.

«Мөмө-жемиштерди кургатуучу жыгачтан жасалган торго алма, алмурут жана өрүк сыяктуу жемиштер кургатылат. Эң негизгиси алар экспорттоо талабына жооп берүүсү шарт. Ошондуктан токойдо өскөн жапайы алмаларды жерде же болбосо үйдүн чатырларында кургатып жатышат. Бул экспорттоонун талаптарына дал келбейт. Бул кургатуучу аппаратка салсак таза, витаминдери сакталып, формасын да жоготпойт. Эң негизгиси чымын, аары сыяктуу нерселер конбостон таза жерде кургатылат», - деди З.Төрөбеков.

Мындан тышкары, ал кургатылган жемиштерден чыккан уруктардан май азыгын өндүрүп жатканын кошумчалады.

«Май чыгаруучу аппаратты Германиядан алып келгем. Учурда жаңгак, өрүк, бадам, алма, алмуруттун данектеринен май чыгарып жатабыз. Ошондой эле, ит мурун, сейдана сыяктуу уруктардан да май чыгарууну пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 752
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×