Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада бала бакча, медициналык мекемелер көмүр менен толук камсыздалды

Turmush -  Ала-Бука районунда балдар бакчаларына 18-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын айтымында, балдар бакчалары менен райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, ооруканалар менен ФАПтар кыш ичинде жагууга зарыл болгон көмүр менен жүз пайыз камсыздалды. Ал эми мектептерге керектелүүчү көмүрдүн 90%ы ташылып алынды.

Күз-кыш айларына карата даярдыктын жүрүшүн талкуулаган штабдын ишине райондун акими С.Акпаралиев жетекчилик кылды. Ага кошумча электр тогу менен жылытылуучу тетик жабдуулардын, буу казандардын бардыгы оңдолуп, текшерүүдөн өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×