Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда «Тапанча балбандын» урматына мелдеш болду

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы балдардын олимпиадалык резерв спорт мектебинде улуттук белбоо күрөшү боюнча бешинчи эл аралык турнир жыйынтыкталды. Бул иш-чара Борбор Азия мамлекеттеринин жыйырма беш жолку чемпиону, грек рим күрөшү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, спорт дүйнөсүндө «Тапанча балбан» деген каймана атка ээ болгон маркум Ибраим Узаковдун жаркын элесине арналган.

Мелдешке Тажикстан жана Кыргызстандын 400дөн ашуун жаш балбандары катышты.

Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында көптөгөн салмак бирдиктеринде Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв спорттук окуу жайынын жана Жалал-Абад облусунун жаш балбандары баш байгелерди жеңип алышты. Турнирди Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв спорт мектеби уюштурду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1184
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×