Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу 19.10.2017 12:44

Жалал-абаддык мушкерлер Анжиянда чемпион болушту

Turmush -  Жалал-абаддык боксчу Абдурахман Абдурахманов Өзбекстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу В.Золотаревдун жаркын элесине арналып өткөрүлгөн чоңдор арасындагы эл аралык турнирде 69 килограммдык салмакта коло медалды утуп алды. Бул тууралуу машыктыруучу жана Кыргызстандын бокс боюнча чемпиону Марат Шамаматов маалымдады.

Анын айтымында, Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон бул мелдешке Россия, Казакстан, Украина, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин күчтүү спортчулары катышты. Буга чейин А.Абдурахманов Грозный шаарында Чеченстандын маркум-президенти А.Кадыровдун урматына уюштурулган дагы бир эл аралык турнирде алтын медаль менен сыйланган. Анжиянда болгон турнирде дагы бир жалал-абаддык спортчу Сражидин Абдуллаев 56 килограммдык салмакта чемпион аталды. Эми бул спортчулар жакында Казакстандын Шымкент шаарында өтүүчү чоң эл аралык турнирге даярдык көрүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×