Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда футзал боюнча облустук турнир өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Нур билим ордосу» мектеп-гимназиясында футзал оюну боюнча облустук турнир болуп өттү. Бул тууралуу спорт күйөрмандары кабарлашты.

Маалым болгондой, мелдешти Жалал-Абад шаардык футзал ассоциациясынын президенти Шавкат Сатымкулов жана Жалал-Абад облустук футбол федерациясы уюштурду. Ага облустун ар кайсы аймактары менен Ош облусунун Өзгөн районунан кошулуп, жыйырма команда катышты. Финалдык беттешүүдө Жалал-Абад шаарынын «Легионер» командасы Сузак районунун «Достук» командасын 6:3 эсебинде утуп алып, алгач ирет өтүп жаткан турнирдин жеңүүчүсү болду.

Экинчи орунду Сузактын, ал эми үчүнчү орунду Жалал-Абаддын «Биримдик» командасы ээледи. Ал эми, турнирдин «Эң мыкты оюнчусу» наамын «Легионердин» оюнчусу Бекзат Сатыбалдиев жеңип алды.

Ушул турнирде өздөрүн мыкты оюнчу катары көрсөтө алгандардын эсебинен облустун футзал боюнча жаңы командасы түзүлөт. Ал команда Кыргызстандын футзал оюну боюнча супер лигасында мөөрөй талашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 952
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×