Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткал дарыясына 3 ай мурун агып кеткен котормочунун денесин табышты

Turmush -  Мындан 3 ай мурун Чаткал дарыясына агып кеткен котормочунун денесин табышты. Издөө иштерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн өрттүн алдын алуу боюнча улук офицер, лейтенант К.Рыскулов, Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнөн 2 кызматкер, Беш-Арал мамлекеттик коругунан 1 кызматкер жана кен казуу фирмасынан 1 кызматкер чыккан, деп билдирди ӨКМ. Денени кечээ, 15-октябрда саат 22:30 чамасында суунун жээгинен табышкан.

Окуя тууралуу:

4-июлда саат 14:30 чамасында Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын Чандалаш участкасында жайгашкан кен казуу фирмасында котормочу болуп эмгектенип жаткан Бишкек шаарынын 1981-жылы туулган тургуну Ю.Я.А. Чандалаш дарыясынын жээгинде дарыяга түшүп жатып, Чаткал дарыясына кошулуп агып кеткен. Ошол учурда суунун дэңгээли жогору болгонуна байланыштуу 7-июль күнү издөө иштери токтотулган.

Андан 1 ай өткөн соң Чаткал дарыясынын дэңгээли азайганда 15 күн бою куткаруучулар денени издөө иштерин жүргүзүп, бирок жыйынтык чыккан эмес. Куткаруучулар кеткен күндөн баштап Беш-Арал мамлекеттик коругунун кызматкерлери жана Чаткал чек ара тозоту менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, күзөттө турган аскер кызматкерлер издөө иштерине жөнөтүлүп турган.

12-октябрь күнү Чаткал районунун Ак-Таш айылында жайгашкан Беш-Арал коругунун Арап тилкесинде суунун жээгинен адамдын сөөгү табылганы маалымдалып, ал изделип жаткан котормочу Ю.Я.А. экени такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 747
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×