Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо 25 аял сүт азыктарын иштетүүнүн ыкмаларын үйрөнүп, сертификат алышты

Turmush -  Бүгүн, 13-октябрда Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен 25 аял сүт азыктарын иштетүү ыкмасын үйрөнүп бүтүштү. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева кабарлады.

Анын айтымында, аялдарды сүт азыктарын иштетүүдө бир топ тажрыйбага ээ болгон Тогуз-Торо айылынын жашоочусу Ырыскүл Шайнаева окутту. Аялдарга тиешелүү сертификаттар, ар бирине 2 каптан ун жана 2 килограммдан өсүмдүк майы тапшырылды.

«Окуу БУУнун Азык-түлүк программасынын «Эмгек үчүн азык-түлүк» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоорго райондун 5 айыл өкмөтү кирген. Тогуз-Торо районунда аз камсыз болгон 990 үй-бүлө бар, аларда 2 миң 428 бала жашайт. Райондо жакырчылыктын деңгээли 51%ды түзөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 519
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×