Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: 30 жаштагы Б.Жолдошеванын себиндеги буюмдар жарактан тез чыкканы чеберчиликке жол ачты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы тургуну Бермет Жолдошева апасы менен бирге 4 жылдан бери кыздардын себин даярдоо менен алек. Аны кардарлары коңшу өлкөлөрдөн бери издеп келет.

«Апам жаш кезинен эле чебер болчу. Мени турмушка узатканда той аз күндүн ичинде белгиленип, убакыт тар болуп калды. Апам себимди базардан сатып алып узатты. Жыл айланбай эле септеги төшөктөрдүн көпчүлүк бөлүгү сапатсыз болуп, сөгүлүп, жараксыз абалга келди. Буга бир чети ызалансам, бир чети кайын журттан уялдым. Баарын кайрадан апам оңдоп, тигип чыктык.

Ошол убакта базарда кымбат баада сатылып жаткан кыздардын себи сапатсыз кездемелер менен тигилип жатканына кейидим. Бул оюмду апама да айтып, бизге окшоп көптөгөн келиндер убара болуп жатканын айттым. Акыры көрүнүшү, сапаты жакшы, баасы ылайыктуу жууркан-төшөктөрдү өзүбүз тигели деп келишим түздүк», - деди каарманыбыз.

Анын идеясы менен бул жумушту апасы ишке ашырган.

«Биз жасаган буюмдардын түсүн жана жасалгасын көбүнчө мен сүрөттөп айтып берип жаттым. Апам мен айткан үлгүдөгү төшөктөрдү тикти. Экөөбүздүн биргелешип жасаган ишибиз заманбап үлгүдөгү төшөктөр болуп чыга келди. Азыр да мен изденүү үстүндө, апам аны ишке ашыруу үстүндө иштеп жатабыз. Биз тиккен төшөктөр сапаттуу, заманбап үлгүдө жасалганынан бат эле эл оозуна алынды», - деп кошумчалады.

Апасы Ажар Батырканова экөө биргеликте даярдаган жууркан-төшөктөр учурда чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун арттырып, буйрутма бергендер күн санап арбып барат. Мындан сырткары кыз-келиндердин улуттук орнаментти чагылдырган сумкаларын, бешиктин жабдууларын жасашат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2018
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×