Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү белгиленбей жатат, - депутат

Turmush -  Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү белгиленбей жатат. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты М.Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, 2 ай мурун айылдык кеңештин депутаттары тарап кеткен.

«Мыйзам боюнча депутаттар 2 айдан кийин шайланышы керек болчу. Бирок азыркы убакка чейин шайлоо күнү белгиленбей жатат», - деди М.Турдубаев.

Кара-Жыгач айылдык кеңеши ушул жылдын 25-июлунда тарап кеткен. Ага айыл өкмөт башчысын шайлоодо 2 ирет кворум болбой калганы себеп болду. Учурда айыл өкмөт башчынын милдетин мурдагы айыл өкмөт башчысы Батыркул Шабданов аткарууда.

Тема боюнча:

07.07.2017Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо белгиленди
11.07.2017Аксынын Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды
11.07.2017Кара-Жыгач айылынын тургундары айыл өкмөт башчысы шайланбай калганына нааразы (фото)
25.07.2017Аксынын Кара-Жыгач айылдык кеңеши тарап кетти
08.08.2017Аксынын Кара-Жыгач айылынын эли депутаттардан сугат суу маселесин чечип берүүнү талап кылууда
12.10.2017Аксынын Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн имараты пайдаланууга берилди (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 567
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×