Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстан менен болгон чек арада пландык операция жүргүзүлүп жатат, - Казакстан

Turmush -  Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тарабынан чек араларда пландык операциялар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган операциялар терроризмге, контрабандага катыштыгы бар адамдарды аныктоо, чек арадагы режимдин, миграциялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө максатында өтүп жатат.

«Буга байланыштуу чек арадан өткөн товарларды, жүктөрдү, унааларды, адамдарды текшерүү күчөтүлдү. Бирок чек ара тилкелеринде кандайдыр бир чектөөлөр же тыюу салуулар болгон жок. Улуттук коопсуздук комитетинин аракеттери казакстандык жана чет өлкөлүк жарандардын укуктарын бузбай, мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу билдирүү жасаган.

«2017-жылдын 10-октябрында саат 18:00дөн баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын жана жарандарды өткөрүү чектеш мамлекеттер тарабынан күчөтүлгөн тартипте ишке ашырылып жатат. Буга байланыштуу мамлекеттик чек арада жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы топтолууда.

Ошондой эле, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 10-октябрда саат 20:00дөн баштап президенттик шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Кыргыз тараптан чек арадан өтүүдө чектөөлөр коюлган жок. Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат», - деп билдиришкен түзүмдөн.

Билдирүүдө бардык өткөрүү пункттарына мамлекеттик чек арадан өтүүнүн эрежелери жазылган маалымдама такталар орнотулуп жана Кыргызстандын Чек ара кызматынын ишеним телефон номуру жазылганы белгиленген.

Буга чейин кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Жол» өткөрүү пунктунда бир нече саатка созулган тыгын пайда болгон.

Окуянын күбөлөрү «Репортер» басылмасына билдирген маалыматка караганда, Казакстан тарап көзөмөлдү күчөтүп, унаалар 4-5 саатка чейин чек арадан өтө албай турушкан.

Н.Назарбаевдин буйругу:

Кечээ, 11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшкөндүгү белгилүү болгон.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Төралиева айтымында, премьер Казакстандын лидерине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды айтып, бул көрүнүштөн кыргыз-казак элине гана эмес, үчүнчү өлкөнүн жарандарына да ыңгайсыздыктар жаралып жатканын билдирген.

«Казакстандын президенти өкмөткө чек арада жаралган көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды», - деген Г.Төралиева.

Кийинки күнү эртең менен:

Нурсултан Назарбаевдин буйругунан кийин Казакстан тарап кечинде чек арадан өткөрүүлөрдү ылдамдатканы менен процесс эртең менен кайрадан жайлап калган. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдаган.

Маалыматка караганда, кечээ, 11-октябрда саат 23:00дөн тарта казак тарап адамдарды өткөрүү процедурасын тездетип, 1,5 сааттын ичинде бардык адамдар өткөн. Бирок саат 08:00дөн тарта казак тарап өткөрүүнү жайлатып, «Акжол унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда адамдар топтолуп турат.

Учурда унаалар менен жүктөрдүн саны азайганы менен казак тараптын кармап турушунан улам жүктөрдүн агымы көбөйө турганы күтүлүп жатат. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Жаралган жагдайдан улам Мамлекеттик чек ара кызматы жарандардан чек арадан өтүүнү мурдараак пландоону суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1560
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×