Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кербенде улуттук ат оюндардын мелдеши өттү

Turmush -  Аксы районунун борбордук ат майданында байге фонду 500 миң сом болгон улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова 12-октябрда кабарлады.

Анын айтымында, райондогу 12 айыл өкмөттүн командалары катышкан мелдешти райондук мамлекеттик администрация жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен уюштурду. Ат майданга 14 боз үй тигилди. Командалар улуттук күрөш, ордо, ат чабыш, кунан чабыш, көк бөрү, эр оодарыш оюндары боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында көк бөрү мелдешинде 1-орунду Кербен шаардык мэриясынын, 2-орунду Ак-Жол, ал эми 3-орунду Кош-Дөбө айыл аймактарынын командалары ээлеп, байгелерге татыктуу болушту.

Ошондой эле, ат оюндардын башка түрлөрүнөн уткан командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 566
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×