Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Сузактагы өзбек тилдүү мектепте сабактар кыргыз тилинин гимнин ырдоо менен башталат

Turmush -  Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүндөгү өзбек тилдүү №2 Дом-Ата мектебинде мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата жарыяланган 3 айлыктын алкагында иш-чаралар өтүп жатат.

Аталган мектептин директору Гүлнара Юлдашеванын айтымында, ар бир сабак кыргыз тилинин гимни менен башталып, мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

«Мамлекеттик тилдин 28 жылдыгына карата окуучулар арасында сүрөт тартуу, дил баян жазуу сыяктуу сынактар өтүп жатат. Окуучулар, мугалимдер арасында да баарлашуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө. Окуучулардын кызыгуусу да абдан жакшы», - дейт Г.Юлдашева.

Сузак айылындагы №2 Дом-Ата мектеби 1986-жылы негизделген. Анда 1200дөй окуучу билим алса, аларга 67 мугалим билим берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 778
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×