Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Итагар айылында сел алып кеткен көпүрө тургундар тарабынан оңдолду

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында сел алып кеткен көпүрө жергиликтүү тургундар тарабынан оңдолуп, пайдаланууга берилди. Тургундардын айтымында, алар Тескей участкасында жашаган 20га чукул үй-бүлөгө көпүрө курушту.

«Ушул жылдын 5-июнунда сел алып кеткен көпүрөнү оңдоого ӨКМ тарабына цемент бөлүнүп берилген. Аны айыл эли оңдоп, пайдаланууга беришти», - деди алар.

Буга чейин Итагар айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен 5-июнда саат 02:00-03:00 чамасында Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 4 көпүрөгө кооптуу абал жаралгандыгы маалымдалган.

ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Э.Тойчубековдун маалыматына караганда, Тескей участкасындагы Итагар дарыясындагы ички чарбалык унаа өтүүчү 2 көпүрөнүн бири жараксыз абалга келди.

Аталган 4 көпүрөдө каттам токтотулган. Ошондой эле, суу Итагар дарыясынын оң жана сол жээгин жеп, Итагар айылында жээкке жакын жайгашкан 5 турак жайга кооптуу абал жаралган. Ак-Үңкүр участкасындагы Итагар суусуна 1 трактор, 1 УАЗ автоунаасы тыгылып калган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 303
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×