Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Ашхабаддагы Азия оюндарында алтын медаль уткан самбочу Жамалбекке акчалай сыйлык тапшырылды (фото)

Turmush -  Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында самбо боюнча таймашта алтын медаль утуп келген спортчу Асылбек уулу Жамалбекке акчалай сыйлык тапшырылды.

Маалым болгондой, өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев, Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов жеңишке жеткен Жамалбекти куттукташып, өкмөттүн атынан 20 миң сом жана акимиаттын атынан акчалай сыйлык жана ардак грамота ыйгарышты.

Эске салсак, Ашхабадда өткөн V Азия оюндарына 62 өлкөдөн 5500ге жакын спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн күч сынашкан. Ал эми кыргызстандык спортчулар жалпы эсепте 8-орунга чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 311
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×