Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде «КамАЗ» менен сүзүшкөн унаанын 44 жаштагы айдоочусу каза болду

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 411-чакырымында жол кырсык катталып, 1 адам каза болду.

ӨКМ билдирген маалымат боюнча, Ноокен районунун аймагында 7-октябрда саат 06:00 чамасында «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — 1973-жылы туулган К.К.Б. каза болду. Ал эми, аталган унаанын жүргүнчүсүнүн абалы канааттандырарлык.

«КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын 1984-жылы туулган айдоочусунун буту сынып, тез жардам кызматы менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Анын 1988-жылы туулган жүргүнчүсүнүн абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 737
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×