Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Кара-Көлдө алдыңкы мугалимдер сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда Кара-Көл шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Майрамдык иш-чарага мэр И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев катышып, мугалимдерди куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты.

Шаардык кеңештин төрагасы эмгек жолун балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинде машыктыруучу болуп иштөөдөн баштаганын айтты.

«Эмгек жолумду 1999-жылы спорттук мектепте стол үстүндө теннис ойноо боюнча машыктыруучу болуп иштөөдөн баштагам. Ошондо алган айлыгым 80 сомду түзчү. Биринчи айлыгымды алганда үстүнө 20 сом кошуп, чоң атама көлөч сатып бергеним эсимде. Балдар менен иштөө өтө түйшүктүү экенин билем. Дайыма сиздер окуткан балдар Кыргызстандын келечеги үчүн зор ийгиликтерди жаратсын», - деди ал.

Иш-чаранын алкагында «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен А.Дүйшөбаева, С.Шаилдаева, Г.Макеева, А.Каракозуева, А.Исмаилова, А.Текеева, С.Дүйшебаева, Р.Сатымкулова, Ш.Арыкбаевалар сыйланышты.

Шаардык мэриянын Ардак грамотасы менен 9 мугалим, шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен 8 мугалим, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен 32 мугалим жана баалуу белектер менен 17 мугалим, Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун грамотасы менен Э.Адегамова, Н.Бабаканова, Н.Мамаевалар сыйланды. Ошондой эле, билим берүүгө жигердүү салым кошкондугу үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен Б.Мүсүралиев сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1159
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×