Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуунун жолдору талкууланды (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланган иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Майлуу-Суу ШИИБдин башчысынын орун басары Т.Качканаков, вице-мэр З.Батырбекова, шаардык кеңештин төрагасы Б.Барбиев, прокурордун жардамчысы А.Таиров, социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Сагындыкова, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү, аялдар кеңешинин төрайымы, аксакалдар кеңешинин төрагасы, мектептердин социалдык мугалимдери, директорлору, колледждердин директорлору, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Анын жүрүшүндө өспүрүмдөргө карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын, үй-бүлөлүк зомбулуктун, өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусун, диний экстремизмдин алдын алуу жана аны болтурбоо маселелери талкууга алынды.

ШИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Т.Качканаков мектептерге жеке күзөт кызматын киргизүүнү сунуштады. Анын пикиринде, мектептерге орнотулган видеокамералар окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын албайт. Ал эми №4 инновациялык мектептин директору Е.Дубинина алгач мектептердин тосмолорун оңдоо керектигин белгиледи.

Шаардык кеңештин төрагасы Б.Барбиев окуучулардын коопсуздугу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү менен шаарда жайгашкан мектептерге жеке күзөт кызматын киргизүүнү жана бул маселени ата-энелердин чогулушунда талкуулоону сунуштады.

Иш-чаранын жүрүшүндө ШИИБ 2017-2018-окуу жылында жүргүзө турган профилактикалык иштердин планы бектилгени айтылды. Иш-чара ШИИБдин демилгеси жана мэриянын колдоосу менен уюштурулуп, аны өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Д.Молдобаева алып барды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1115
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×