Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-абаддык студенттер карылар үйүнө электр жылыткычтарды белек кылышты

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын студенттери кечээ, 5-октябрда Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан карылар үйүнө барып, белектерин тапшырышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын 2-курсунун студенти Данакер Төлөнбаев билдирди.

Анын айтымында, студенттер жалпысынан 4267 сом топтошкон.

«Карылар күнүнө карата карылар үйүндөгү багар-көрөрү жок улгайган адамдарга майрамдык маанай тартуулоону чечтик. Жалпы 4267 сом чогулду. Ага электр жылыткычтарын алып барып бердик. Быйыл карылар үйүнө мындай белекти эч ким бере элек экен. Биз биринчилерден болуп тапшырдык. Ошондой эле, концерттик программа уюштурдук. Эми алдыда дагы тазалык акциясын уюштурууну пландап жатабыз», - дейт студент.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында карыларга камкордук көрсөтүү боюнча бир айлык жарыяланган. Ага карата ар кандай саамалыктар жана кайрымдуулук акциялары өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 970
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×