Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Парламенттин төрагасы базар-коргондук ымыркайдын операциясына 100 миң сом берди (фото)

Turmush -  Кечээ, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келди. Сапардын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Жараке айылынын жашоочусу Жумакан Молошовага 4 айлык баласы Жумабекти дарылоо үчүн өзүнүн фондунан 100 миң сом берди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Жараке айылында жашаган жубайлар – Равшанбек Матисаков менен Жумакан Молошованын бешинчи уулу Жумабек ушул жылдын 26-майында татаал операцияны талап кылган дарт – желке сөөктүн шишиги (затылочное энцефалоцеле) диагнозу менен төрөлгөн. Дарыгерлер ымыркай өтө жаш болгондуктан операцияны көтөрө албай турганын айтып, октябрь айына чакырышкан. Беш балалуу үй-бүлө өздөрүнүн каражаты чектелүү экендигин билдиришип, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго бешинчи баласын дарылоого жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

«Наристебиз Жумабек сакайып жакшы болуп кетсин. Сиздердин катыңыздарды аларыбыз менен жардам берүүнү чечкенбиз. Үй-бүлөңүздөрдө ар дайым балдардын шайыр күлкүсү жаңырсын»,- деди төрага.

100 миң сом жардам алган Жумакан Молошова парламенттин төрагасына ыраазычылыгын билдирди. Жумакандын кайненеси Айтикан Осмонова небересине берилген акчалай жардам жана колдоо үчүн ак батасын берди.

Акчалай жардамды тапшырууга Жогорку Кеңештин депутаттары Айтмамат Назаров, Мирлан Бакиров, Тазабек Икрамов жана өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 460
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×