Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдагы карылар үйүнө жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылындагы карыялар үйүндө көп жылдардан бери багар-көрөрү жок 27 карыя жашайт.

Райондук мамлекеттик администрациядан кабарлашкандай, Жалал-Абад облусунда улгайган адамдарга камкордук көрүүнүн бир айлыгынын жүрүшүндө тиешелүү тармактын өкүлдөрү карыялар үйүнүн жашоочуларынан кабар алышты. Карыялар үйүнө райондук мамлекеттик администрациянын эсебинен 10 миң сом, ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн резервдик фондунан 50 миң сом жардам тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 749
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×