Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо 40 аял сүт азыктарын жана жүндү иштетүүнү үйрөнүп, сертификат алышты

Turmush -  Тогуз-Торо районунда 40 аял сүт азыктарын жана жүндү иштетүү боюнча атайын окуудан өтүштү. Бул тууралуу 6-октябрда акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева кабарлады.

Анын айтымында, БУУнун азык-түлүк программасынын «Эмгек үчүн азык-түлүк» деп аталган долбоорунун атайын окууларына катышкан кырк аял атайын сертификаттуу болушту. Долбоордун алкагында Атай айылынан келген 20 аял жүндү иштетүү боюнча, Карл Маркс айылынан келген 20 аял сүт азыктарын иштетүү боюнча атайын билим алышты. Ага кошумча түрдө ар бир аялга эки каптан ун, эки литрден өсүмдүк майы (жалпы 4 тонна ун, 400 литр май) тапшырылды.

Тогуз-Торо районундагы беш айыл өкмөт быйыл БУУнун азык-түлүк программасынын атайын долбоолоруна кошулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 325
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×