Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо 15 мугалимге сыйлык берилет

Turmush -  Тогуз-Торо районунда мугалимдердин кесиптик майрамын 7-октябрда белгилөөгө даярдык көрүлүүдө.

Акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиеванын айтымында, Мугалимдер күнү райондук маданият үйүндө 7-октябрда акимдин куттуктоосу менен башталат. Анда көп жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү иштеп келе жаткан эки мугалимге — райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Семетей Садыковго жана Каргалык айыл өкмөтүндөгү М.Жаңыбаева атындагы №7 орто мектептин директору Сапар Аттокуровго «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамы берилет. Андан тышкары, 7 мугалимге жана балдар бакчалардын 6 кызматкерине райондук мамлекеттик администрациянын грамоталары тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 730
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×