Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде алдыңкы мугалимдер сыйланды

Turmush -  Кечээ, 5-октябрда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүндө 400 адамдын катышуусу менен мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Нурийла Бекжигитова кабарлады.

Анын билдиришинче, быйылкы жылы облустук, республикалык олимпиадаларда окуучулары 1-2-3-орунду ээлеген жана райондук, облустук сынактарда «Мыкты мугалим», «Мыкты мектеп» жана «Мыкты балдар бакчасы» наамдарын жеңген мугалимдердин ичинен 15 мугалимге райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары тапшырылды. Мугалимдер күнүнө келген педагогдорго төш белгилер берилди. Бул салтанатты өткөрүүгө райадминистрациядан 25 миң сом каражат бөлүнгөн.

Быйыл райондун Ж.Момбеков айыл өкмөтүндөгү Ж.Турусбеков атындагы №16 орто мектеп республикалык сынакта жылдын мыкты мектеби деп табылган. Бүгүн, 6-октябрда район борборунда 150 улгайган адамдын катышуусу менен Карыялар күнү да белгиленүүдө. Аны райондук социалдык фонду уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×