Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Кара-Көлдө жаңы мүрзө үчүн 4 гектар жер бөлүнөт

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы борбордук мүрзөдө орун жок калды. Аталган маалыматты шаардын мэри И.Еркеев 4-октябрда жаңы футболдук аянтчанын ачылышында айтты.

Анын айтымында, бул көйгөй жакын арада чечилет.

«Борбордук мүрзө толуп, сөөктөр жолдорго чейин коюлуп жаткандыгын шаардын имамы айткан эле. Бул маселе боюнча мен Д.Чоткараев, Д.Зилалиев сыяктуу шаардан чыккан агаларыбызга кайрылсам, жаңы көрүстөн үчүн жер бөлүүгө жардам беришерин айтышты. Учурда 4 гектар жер жаңы мүрзөгө ылайыкташтырылып жатат. Тиешелүү иштер кийинки жумада башталат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1849
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×