Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Кара-Суу айылындагы окуучулар төбөсү түшөйүн деп турган авариялык мектепте окуп жатышат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Кара-Суу айылынын тургундары балдарын мектепке жөнөтүүдөн кабатырланышат. Анткени, айылдагы Т.Казатов атындагы орто мектеп авариялык абалда деп табылган.

Маалым болгондой, жыгач тибиндеги мектеп болгондуктан эки жолу өрт чыгып, учурунда тилсиз жоону токтотуп калышкан. 252 окуучу билим алып жаткан жайдын чатыры жаңыланган. Бирок шыбы ийилип турганына ата-энелер кабатыр болуп жатышат. Айыл тургуну Марипа Исмаилова да элеттиктер санааркап жатышканын тастыктады.

«Менин эки неберем мектепке барат, алар мектептен кайтып келгиче кыжаалат болом. Анткени биздин мектептин шыбы түшөйүн деп турат. Балдарды мектепке жиберүүдөн коркобуз. Ушул айылга жаңы мектеп куруп берүүнү суранабыз. Келген жетекчилерге мектеп көйгөйүн айтып келе жатабыз», - дейт ал.

Аталган айылга 2015-жылы 250 орунга ылайыкташкан мектеп куруу үчүн 59 млн сомго тендер жарыяланган. Ал жылы 3 миллион сом каражат бөлүнүп, котлованы казылган бойдон эч кандай каражат бөлүнбөй курулуш токтоп калган. Ал эми отставкадагы милициянын кызматкери, жергиликтүү тургун Төнтөр Чойбеков 3 миллион сомдук жумуш аткарылбаганын айтып, нааразы болду.

«Мектеп маселесин айтып, төрагага чейин киргем. Курулуш башталды деп сүйүнсөк, башталган бойдон токтоп калды. Мектепке биринчи жолу 3 миллион сом бөлүнүп, ошондой жумуш жүрдү дешти. Андай болгон жок, ал жердеги жумушту 3 млн сомдук жумуш деп айтууга болбойт. Ишенбесеңер барып көргүлө. Биз каражатына кийгилише албайт экенбиз, бирок жасалган жумушту айтабыз. Айылдагы эски мектептин төбөсү түшөйүн деп турат. Төрага Ч.Турсунбеков маселени оң тарабына чечип кетсе жакшы болот эле», - деди Т.Чойбеков.

Маалым болгондой, Көдүл айылына 1961-жылы темирден имарат курулуп, ал Кара-Тектир айылына көчүрүлүп келген. 1981-жылы аталган айылга мугалимдердин жардамы менен мектеп салынып, Кара-Суу айылына убактылуу пайдалануу үчүн берилген. Убактылуу делген имаратта балдарга билим берилип жатканына быйыл 36 жыл болду. Учурда авариялык абалда. ӨКМ эки жолу балдар билим алууга болбой тургандыгы боюнча чечим чыгарган. Имараттын чатырынан да тамчы өтүп, ыңгайсыздык жаралгандыктан быйыл атайын фонд тарабынан 500 миң сом, жергиликтүү бийлик 170 миң сом бөлүп, чатыры алмаштырылды. Шыптарын түздөөгө аракет жасалган, бирок жыгачтары ийилип калгандыктан тегиздей алышкан эмес. Класстык бөлмөлөрү чакан болгондуктан класстар бат ысыйт, райондогу эң жылуу мектептердин бири. Бирок кооптуулук менен балдарга билим берилип келет. Класс жетишсиздигинен илгери дүкөн болгон имаратты ашканага жана 2 класстык бөлмөгө ылайыкташтырып пайдаланып келүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылга мектеп куруу зарылдыгын жана мектептин абалынан кабатырланган айрым ата-энелер балдарын Токтогул шаарындагы мектептерге которуп жатышканын белгилешти.

Мектептин абалын ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков көрүп чыккандан кийин имарат капиталдык салымдардын тизмесине киргизиле турганы маалым болду. Төрага бул маселени өзү көзөмөлдөй тургандыгын белгиледи.

Аталган айылда 300дөй кожолук, 1500 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 355
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×