Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Чаткалда 16 млн сомго курулган көпүрөнү сел алып, аны курган тарап оңдоп берүүдөн баш тартты

Turmush -  Чаткал районунда сел алган көпүрөнү куруучу тарап оңдоп берүүдөн баш тартып, 3 млн сомго жаңы көпүрө куруу аракети көрүлүүдө.

Айгыржал айылынын башчысы Капарбек Смаилов билдиргендей, көпүрө куруу маселеси курч бойдон турат. Себеби, көпүрөнү курган тарап эч кандай ката кетирбегенин айтып, кайрадан куруп берүүдөн баш тарткан.

«16 млн сомго курулган көпүрөнү сел алып кеткен. Бирок курган тарап долбоордо көрсүтүлгөндөй курганын, эч кандай катачылык болбогонун айтты жана көпүрөнү кайрадан куруп берүүдөн баш тартышты», - деди ал.

Айыл башчы кен казган тарап кайрадан көпүрө куруу үчүн 2 млн сом бөлүп берерин жана райондук фонддон 1 млн сом бөлүнөрүн айтты. Учурда көпүрө куруу аракети көрүлүп жатат.

Айгыржал айылынын тургундары учурда эски көпүрө аркылуу район борборуна каттап жатышат. Бирок ал көпүрөнүн эскилиги жеткенин, суу көп келсе жарактан чыгып калышы мүмкүн экенин жергиликтүү тургундар белгилешүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 430
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×