Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Парламенттин төрагасы Кара-Суу айылындагы авариялык мектепте болуп, сабакка катышты

Turmush -  Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Т.Казатов атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Маалым болгондой, аталган мектеп ӨКМ тарабынан эки жолу авариялык абалда деп табылганына карабай учурда ишин улантууда. Төрага мектептин бөлмөлөрүнө кирип, окуучулардын сабагына катышты. Ал мектептеги парталарды көрүп, 40-50 жыл мурун пайдаланылган стол, отургучтарды сактап жатышкан мектеп жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, төрага мектеп эски болгону менен жылуу экенин, бирок имараттын сыртына, короолоруна көңүл бурулбай калгандыгын айтты. Аким М.Сатымкулов мектеп имаратынын эскилиги жеткенин белгиледи. Төрага өз кезегинде мектептин жаңы имаратынын курулушу кийинки жылдын бюджетине киргизилерин айтты. Ошондой эле, ал мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, өзүнүн фондунан мектепке 50 миң сом тапшырды.

Мындан тышкары, ал Кара-Көл шаарындагы Д.Шопоков атындагы орто мектепте, жер көчкүдөн көчүрүлүп, курулуш жүргүзүлүп жаткан Базар-Коргон районундагы Живпром участкасында болуп, Акман айыл аймагындагы Жараке айылынын жашоочусу Ж.Молошеванын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтмөкчү.

Ошондой эле, Сузак районунун Ырыс айыл аймагындагы жашылча-жемиштерди консервалоочу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышат. Эртең Сузак районуна караштуу Кыз-Көл, Кызыл-Туу айылында жер көчкүдөн жабыркагандар үчүн берилген участкаларда жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 821
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×