Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Кара-Көлдө 2,3 млн сомго футболдук аянтча курулду (фото)

Turmush -  Кечээ, 3-октябрда Кара-Көл шаарында заманбап футболдук аянтчанын ачылышы болуп өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Ачылыш аземге вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

«Мурунку аянтчанын абалы начар эле. Ал заманбап болуп оңдолуп, пайдаланууга берилип жатканы кубандырат. Мен өзүм ушул шаарда чоңоюп, №3 мектепти бүтүргөм. Бул шаардын келечеги кең», - деди Д.Зилалиев.

Мэр И.Еркеев футболдук аянтчанын ачылышы менен жергиликтүү тургундарды куттуктап, курулушка шаардын кулундары демөөрчүлүк кылышканын айтты.

«Шаарда мындан башка дагы 3 футболдук аянтча курулуп жатат. Аларга Кара-Көл шаарынан чыккан Д.Зилалиев, Д.Чоткараев, Б.Абдиев, Т.Эстебес уулу сыяктуу жигиттер көмөк көрсөтүүдө. Жаңы ачылган футболдук аянтча 2 млн 300 миң сомго курулду. Анын узундугу 100, туурасы 50 метр. Калган аянтчалар мындан кичине болуп, 1 млн сомго курулуп жатат. Жалпы курулуш иштерине 7 млн сомдой каражат жумшалууда», - деди шаар башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 530
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×