Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Аксыда 2-топтогу майып жубайларга колдоо көрсөтүлдү

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарында жашаган экинчи топтогу майып жубайлар Жалилов Анарбек менен Болотбек кызы Салимага жардам көрсөтүлдү.

Маалым болгондой, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жубайларга 30 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Ал эми район бийлиги жана Кербен шаарынын мэриясы жыл сайын колдоо көрсөтүп келет. Жубайларды колдоо үчүн бөлүнгөн каражатты өкмөтүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Манас Чомонов тапшырып, түгөйлөргө каалоо-тилектерин айтты.

Буга чейин экинчи топтогу майып жубайлар жардамга муктаж экендиги Turmush басылмасында жарыяланган.

Жубайлардын баш кошконуна 2 жыл болуп калды. Алар Анарбектин бир тууган байкесинин колунда турушат.

«Бизди байкем балдарына кошуп багып жатат. Жубайым жакшы баса албаса да үй жумуштарына жардам бергенге аракет кылат. Мен жеңил жумуштарды жасайм. Байкемдин таап келгенине көз каранды болуп отурабыз. Биз да эл катары үй куруп, балалуу болсок деп тилейбиз. Бирок бизди майыптык кармап турат. Келинчегим экөөбүз биригип 5 миң сом жөлөк пул алабыз. Өз алдыбызча үй-жайлуу, балалуу болгубуз келет», - деген пикирин билдирген эле.

Анарбек Жалилов төрт бир туугандын кичүүсү. Жыл сайын дарыланып турат. Анын дарылануусуна шаардык мэрия жыл сайын каражат бөлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1003
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×