Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Кылым карыткан карылар: Аксыда 14 карыяга бир тоннадан көмүр түшүрүлөт

Turmush -  Аксы районунда улгайган адамдарга камкордук көрүүнүн бир айлыгынын алкагында 2-октябрда райондун акими М.Мырзамамытов Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө жашаган 112 жаштагы Темиржан Сатылганова энеден кабар алды. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова кабарлады.

Анын айтымында, аким ага узун өмүр каалап, белектерин тартуулады. Ошондой эле, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы 103 жаштагы тургун Көйкөл Уланова эненин үйүнө барып, ага 5000 сом тапшырып, айыл аймакта жашаган 80 улгайган адамга сый тамак уюштурулду.

«Райондо 100 жаштан ашкан 14 адамдын барына айыл өкмөттөр тарабынан камкордуктар көрүлүүдө. Алардын үйлөрүнө Ак-Жол айлындагы көмүр кенинен бир тоннадан көмүр түшүрүлө турган болду. Сый тамак берилип, концерт тартууланган ушундай иш-чаралар 74 карыянын катышуусу менен Кара-Суу, 80 аксакалдын катышуусунда Жаңы-Жол айыл аймактарында болуп өттү. Эми 7-октябрда Кербен мэриясы 500гө жакын улгайган адамдарды чакырып, сый тамак тартуулап, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө даярданууда. Аксы районунда 60 жаштан ашкан 8138 адам жашайт. Алардын ичинде 90дон ашып, 100 жашка чейинки курактагы 153 карыя бар. Жети карыя согуштун ардагери», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 278
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×