Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Фото - Сузакта эки унаа кагышып, бири толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Жашасын айылында эки унаанын катышуусунда жол кырсык катталып, бирөө толугу менен күйүп кетти. Бул туралуу бүгүн, 3-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жерде «Форд Фокус» жана «Дэу Тико» үлгүлөрүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен «Форд Фокус» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп, ээси А.Исаков экени аныкталды. 

Экинчи унаанын жүргүнчүсү Г.Мукуева жеңил жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Учурда «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаанын ээси такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 563
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×