Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Кара-Көлдө кылым карыткан карылар менен 50 жыл бирге жашаган жубайлар сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-октябрда Кара-Көл шаарында Карылар күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев катышып, катышуучуларды Карылар күнү менен куттукташты. Иш-чаранын алкагында 50 жыл бирге жашаган 12 жубай шаардык мэриянын грамотасы жана 2 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ал эми кылым жашаган 3 энеге 5 миң сомдон акчалай сыйлык, эмгектин 150 ардагерине 1000 сомдон колдоо көрсөтүлдү. 90 жаштан ашкан карыяларга 2 миң сомдон, жалгыз бой жана элге эмгеги сиңген шаар тургундарына 1000 сомдон сыйлыктар тапшырылды.

Анын алкагында шаардык балдар чыгармачыл үйүнүн драмалык ийриминин таланттуу окуучулары тарабынан сатиралар сахналаштырылып көрсөтүлүп, салтанатка келгендердин маанайын ачышты. Иш-чаранын экинчи бөлүгү кафелердин биринде уланып, мэр И.Еркеев тарабынан 350 карыга сый тамак уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1276
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×