Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Сузакта кылым карыткан карыларга жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Сузак районунда 1-октябрь — Карылар күнүндө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү 100 жаштан ашкан карылардан кабар алууда.

Маалым болгондой, райондо учурда кылым карыткан 24 жаран жашайт. Алардын улуусу Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Толгонай Осмонова апа. Алардан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабар алып, район бийлиги жана өкүлчүлүк бөлгөн акчалай жардамдарды тапшырууда. Мындан тышкары, айыл өкмөт тарабынан да акчалай жардам берилүүдө.

Бүгүн, 2-октябрда акимдин орун басары Асылкан Раманкулова Багыш, Курманбек айыл аймактарындагы улгайган апаларга акчалай жардамдарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 381
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×