Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Токтогул шаарынын 5 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын 5 жылдыгы белгиленгенин аймактык кабарчы билдирди. 29-сентябрда өткөн майрамдык салтанатка аким М.Сатымкулов, мэр М.Калмурзаев, шаардык кеңештин төрагасы К.Дербишев катышып, катышуучуларды, жергиликтүү тургундарды куттукташты.

Иш-чаранын алкагында шаардык мэриянын айрым кызматкерлери муниципалдык кызматтагы көп жылдык эмгектери үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын «Муниципалдык кызматтын отличниги» төш белгиси менен сыйланышты. Андан сырткары, мэриянын Ардак грамотасы менен шаардын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон бир катар жетекчилер, жеке ишкерлер сыйланды. Салтанат эстрада ырчыларынын концерттик программасы менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 352
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×