Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: 80 жаштагы кара-көлдүк Т.Жумаев улуттук Ай-Күн календарын түзгөн (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 80 жаштагы тургуну Тороң Жумаев улуттук Ай-Күн календарынын түзүүчүсү болуп эсептелинет.

Ал 1937-жылы Токтогул районунун Ничке-Сай селсоветинин Чоргочу колхозунда туулган.

«Мен төрөлгөндө колхоз жаңыдан уюшулган убак экен. Апам күнүгө кетмен көтөрүп, арык чабып келет. Анан тороңдоп эле арык чаап жүрдү эле, келип эле төрөп койду деп чоң атам мага Тороң деп ысым коюптур. Атын өзгөрткөн кишилер көп болду. Бирок, мен чоң атамдын азан чакырып койгон атын ыйык деп, өзгөрткөн жокмун», - дейт Тороң Жумаев.

Анын айтуусунда, 1964-жылы Фрунзедеги медициналык академиянын дарылоочу факультетин бүтүрүп, алгач эмгек жолун Сузактын ооруканасында иштөө менен баштаган. 1966-жылдан баштап Кара-Көл шаардык ооруканасына келип, өмүр бою ошол жерде саламаттыкты сактоо жаатында хирург болуп иштеген.

«Ошол кезде Кара-Көлдө 33 улуттун эли жашаган. Ири масштабдагы ГЭСтердин курулушу жүргөн. Отуз үч улуттун, 33 түрдүү мүнөзү бар. Эгер ошолорго жакпасаң, эртеси эле иштен кууп ийет да. Хирург кесибин сүйүп иштегендиктен 33 улуттун өкүлдөрүнө жаккан экенмин. Биз СССРдин убагында иштеп калдык. Ал убакта адистештирүүдөн өтчүбүз. Мен түз биринчи жолу Харьковдо профессор Леховидскийдин колунан 3 ай окудум. Анан Ленинграддан гастро-хирургия гастроэнтерология боюнча билим алдым. Алматыдан жана Ташкенттен окуп келдим. Мына ушинтип жүрүп мыкты хирург болууга жетиштим. Эмгегимди баалап райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги сыйлыктардын баары менен сыйландым», - дейт ал.

Т.Жумаев билдиргендей, улуттук Ай-Күн календарын 20 жылдан ашык түзүп келген.

«Мен календарды түзүп, борборго жөнөтүп жиберем. Ал жакта Агрардык айыл-чарба институтунда иштеген профессор М.Айтматов календарды чыгарып жатат. Буга чейин Дастан Сарыгулов чыгарып да жүрдү. Бул календарды түзгөнүмө чоң энем Жумакүлдүн эмгеги зор. Анын январь, февраль айларын атоого тили келчү эмес. Ал баш оона, аяк оона айларын айтып калчу. Асмандагы айга карап туруп эле, айлардын атын атай берер эле. Анан мен анын айткандарын илимге таянып изилдеп чыксам, эч бир жаңылыштык жок, тимеле жети өлчөп бир кескендей туура чыкты. Асмандагы айдын эки мезгили бар. Ай араасы, ал ай жаңырганда болот. Ал эми экинчиси тогоол дегени бар. Ушул ай арасы же тогол мезгилинде гана күн бүркөлөт же жаан жайт, шамал ыркырап, бир белги болот. Эми климат өзөрдү. Кыш эрте келди, жаз кеч келди дегенге кошулбайм. Тээ илгертен бери жыл мезгили бир эле калыпта келүүдө. Учурда дагы ошол калыбынан жазган жок», - деди Т.Жумаев.

33

Тороң Жумаевдин айтуусунда, жыл мезгилинин кыргызча аталышында кээ бир айлардын аталышы жаныбарлардын жашоо шартына байланыштуу болгон.

«Мисалы жалган куран деп февралдын аталышын алсак, куран - бул жаныбар, кайберендин бир түрү. Анын мүйүзү күзүндө кууту бүткөндөн кийин коңторулуп түшүп калат. Февралда жаңы мүйүз чыгат. Ошол мүйүз кичине эле жүнү менен саксайып чыгат. Ошондо эл мүйүздү көрүп, жалган экен деп айткан. Анан 30 күн өткөндөн кийин, баягы мүйүз март айында өсүп, көркүнө келип калат. Ошондо чын куран экен деп мүйүзүнө карата маани берилип айтылып калган. Ал эми баш оонада асмандагы ай 6 ай бою узарып, 6 ай бою кыскарат. Эми баштап кышка карата ыктай баштадык, башка багытка жакындадык деген маанини билдирет. Аяк оона боз үйдүн түндүгүнөн түшкөн көлөкөнүн жылышына карата айтылган. Түндүктөн боз үйдүн коломтоосуна түшкөн көлөкөсү башка жакты карай оонай баштады деген маанини түшүндүрөт.

Илгери ата-бабалар асмандагы үркөр жылдызга карап туруп аба-ырайын билип коюшчу экен. Асмандагы үркөрдүн көрүнүшүнө карата күндү жоруп калыбында же калыбында эмес экенин карап, чарбасындагы иштерин жасап, тоо ашып, бел ашып, тогол болгуча журтка жетип алалы дешкен. Ай арасын, тоголдун келишин жадыбалдай билишкен», - деди ал.

32

Тороң Жумаевдин 3 уулу, 10дон ашык небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 394
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×