Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото — 33 жаштагы Замирбек израилдик кыздын денесин аскадан кантип алып түшкөнүн айтып берди (толугу менен)

Turmush -  Аксы районунда 23-сентябрда жоголуп, 5 күндөн кийин табылган израилдик Хилланын жансыз денесин жергиликтүү тургун Замирбек Анарбаев аскадан кантип алып түшкөнүн Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди. З.Анарбаевдин айтымында, куткаруучулар бир нече жолу аракет кылганы менен аскага чыга албай коюшкан.

«Израилдик кыз дайынсыз жоголгон күндөн бери мен издөө иштерине катыштым. Анын жансыз денесин алгачкылардан болуп биз көрдүк. Дүрбүнүн жардамы менен Салмоорбек Токтогулов аттуу агам анын жон баштыгын (рюкзак) таап алды. Ал аскада кыздын жансыз денеси жаткан жерди болжолдуу көрсөтүп берди. Башка адамдар дүрбү менен көрө албай коюшкан. 1 күн өткөндөн кийин коруктун кызматкерлери дрон аркылуу жансыз денени көрүшүптүр», - деди З.Анарбаев.

Анын айтымында, ал аскага арканы жок чыгып, өтө коркунучтуу 2 жерден өмүрүн тобокелчиликке салып өткөн.

«Кыздын денеси асканын ортосундагы үңкүрчөдө жатыптыр. Мен аны алып түшүү үчүн аскага чыкканда ӨКМдин кызматкерлери "сага бир нерсе болсо биз жооп бере албайбыз" дешти. Кийин алардын 2 адиси аскага чыга албай койгон соң, милиция кызматкерлери мени чыгып алып түшүп берүүмдү суранышты. Кар аралаш жамгыр жаап, аскалар тайгак болгонуна карабастан чыгып кеттим. Өтө коркунучтуу 2 жерден тобокелчилик менен өттүм. Аркага кайтууга дагы мүмкүн эмес болчу. Аскага чыккандан кийин ӨКМдин кызматкерлерин тартып алайын десем аркан менен дагы чыга албай коюшту. Эгер жамгыр жаабаганда бул таштарга эч коркунучсуз чыкмакмын. Себеби, бул жерлер мен үчүн өтө деле кыйын эмес», - дейт З.Анарбаев.

Ал израилдик кыз 150 метрдей бийиктиктеги асканын ортосунда калып, денеси үңкүрчөгө кирип кеткенин белгиледи.

«Израилдик кыз 70 метрдей бийиктиктен кулаган экен. Ал асканын үстүндө суу чыгып турган жерден тайып, кулап кетиши мүмкүн. Катуу кулагандыктан көп жерлери сынып кетиптир. Ал 5 күн дегенде араң табылды. Мен анын денесин алып түшүп бергеним үчүн кубанып жатам», - деди жергиликтүү тургун.

З.Анарбаев Сары-Челек коругуна жакын жайгашкан жайлоолордун биринде мал багат. Израилдик тарап аны мындай эрдиги үчүн 500 доллар сыйлык менен сыйлаган. Аны коруктун директору Эсеналы Ормоналиев тапшырды.

Буга чейин Эсеналы Ормоналиев кыздын денесин жергиликтүү тургун алып чыкканын билдирген.

«ӨКМдин кызматкерлери жана чет өлкөлүк куткаруучулар аскага түшө албай коюшту. Израилдик кыздын денесин 33 жаштагы жергиликтүү тургун алып чыкты. Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деген ал.

23-сентябрдан бери изделип жаткан 22 жаштагы Хилла Ливненин денеси 29-сентябрда саат 13:30 чамасында Россиядан Кыргызстанга кино тартуу үчүн келген топтун дрону аркылуу табылган. Россиялык топ ӨКМдин өтүнүчү менен дронун издөө иштерине берген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы, денени алып чыгуу иштерине жергиликтүү тургун жардам көрсөткөнүн билдирди.

Сүрөт Turmush басылмасынын кабарчысына таандык:

«ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жетекчилигинде издөө ишине жалпы 50 адам жана 6 ит — райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер жана 4 ит, жергиликтүү тургундардан 7 адам, Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, Сары-Челек коругунун кызматкерлеринен 8 адам Израилден 6 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучуларынан 7 адам тартылды.

Турист кыз Көтөрмө ашуусунда жолдон адашып, 50-60 метр бийиктиктеги аскадан кулап кеткен. Бул аймакты жакшы билген жергиликтүү тургун куткаруучуларга жол көрсөтүп берип, бирге иштеди.

Жергиликтүү тургун аркан менен түшүү ыкмаларын жакшы билгендиктен өз каалоосу менен асканын арасына түшүүнүсуранган. Ал Хилла Ливненин жансыз денесин арканга байлап, алып чыкты. 29-сентябрда саат 18:30да жансыз дене РИИБдин кызматкерлерине берилди», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Хилла Израилдин Тель-Авив шаарында төрөлүп, ошол жакта өскөн. Бала кезинен эле израилдик скауттардын (чалгындоого чыккан жоокер) бирикмесине мүчө болуп, саякаттоого болгон сүйүүсү жанданган. Ал чоңойгондо аталган бирикменин нускоочуларынын (инструктор) бири болгон. Хилла мектепти аяктагандан кийин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары окуган Иерусалимдеги мектепке ыктыярчы болуп кирген. Кийин ал фитнес жана спорт машыктыруучусу болуп, ошондой эле чөлдө жайгашкан Израиль армиясынын аскер лагеринде да иштеген.

Тема боюнча:

29.09.2017Израилдик 22 жаштагы кыздын денеси дрондун жардамы менен табылган жерден сүрөттөр
27.09.2017Фото - Сары-Челекте израилдик кыз жоголду
27.09.2017Сары-Челекте израилдик кыздын жоголушу: Издөө иштерине 60 адам тартылды
28.09.2017Сары-Челекте израилдик кыздын жоголушу: Издөө иштерине чет элдик куткаруучулар кошулду
28.09.2017Сары-Челекте израилдик кыздын жоголушу: Издөөгө 80 адам тартылып, жыйынтык чыкпай жатат
29.09.2017Сары-Челекте жоголгон израилдик кыздын денеси аскадан табылды
30.09.2017Фото - Сары-Челектеги аскадан израилдик Хилланын денесин алып чыгышты (толугу менен)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 33568
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×