Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абадда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Маданият» көзөмөл пункту ачылды

Turmush -  Кечээ, 1-октябрда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан «Маданият» көзөмөл-өткөрүү жайы ачылды.

Ачылышка келген жергиликтүү жашоочулардын көзүнөн кубанычтын, сагынычтын жашы тамчылап жатты. Анткени, бул жайдын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жаткан жашоочулардын арасында коңшу өлкөдөгү бир туугандарын, жакындарын 7-8 жылдан бери көрө электери арбын.

Ошол эле тапта Өзбекстан Республикасы тарапта туугандары менен учурашуу үчүн келгендер да көп болду. Аталган мамлекеттин Пахта районунда 40 жылдан ашуун мугалим болуп иштеп, эс алууга чыккан Хайитхан Салиева 8 жылдан бери ата-энесин, бир туугандарын көрө электигин билдирди. Мындан улам да бул күн ал үчүн өзгөчө экенин белгиледи.

«Балалыгым өткөн жерди, атамдарды көрүүгө ашыгып жатам. Анткени мен 8 жылдан бери атамдын үйүнө өтө албай жүрдүм. Бүгүн буюрса өтөм деп турам, паспортум жанымда. Өтө ынтызарлык менен күтүп жатабыз. Бир туугандарым, атамдар да мени күтүп жатышат. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген мамлекет башчыларыбызга рахмат», - деди ал.

Ачылышта коңшу өлкөдөн келген делегаттардын катарында өзбек жараны менен Кыргызстанга турмушка чыккан карындашы экөөнүн учурашуусу да көпчүлүктүн көзүнө жаш толтурду. Бул саамалыкты утурлай 300дөй эл көзөмөлдөөчү жайдын ачылышын күтүшүп, жакындарынан кабар алганы баратышканын белгилешип, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыктарын айтуу менен ак баталарын да берип жатышты.

Алгач эки мамлекетте тең көзөмөлдөөчү жайдын расмий ачылышы болду. Бул саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев менен Андижан облусунун акими Шухратбек Авазбеков баштаган делегаттар катышты. Алгач коңшу өлкөгө бийлик өкүлдөрү кирип, салтанаттуу ачылышка катышты.

Коңшу тарап Кыргызстандан барган өкүлдөрдү өздөрүнүн улуттук даамдары менен тосуп алышып, жакшылык болсун деген ниетте мал союшту. «Достугубуз бекем болсун» деген ураан астында өткөрүшкөн иш-чарада Андижан облусунун акими Шухратбек Авазбеков кыргыз эли менен өзбек элинин дили, дини бир экенин белгиледи.

«Бул посттун ачылышы үчүн мамлекет башчыларыбызга өзгөчө ыраазычылык айтышыбыз керек. 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара тилкелерин тактоо иши 6-7 айда эле бир топ алга жылды. Буюрса эки мамлекеттин биримдиги, мамилеси мындан ары да жакшыра берет», - деди Андижан облусунун акими.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев облус элинин атынан посттун ачылышы менен куттуктап, быйылкы жылдын 5-6-сентябрында эки мамлекеттин башчыларынын  жолугушуусунун арты менен ачылып жатканын, чек ара тилкелерин тактоо 85% бүтүп, кол коюу иш-чаралары болгонун айттып өттү.

«Бүгүн чынында тарыхый күн болуп турат. Өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу жакшы жыйынтык берди. Мына минтип посттор ачылып жатат. Бир нече жылдан бери жакындарын көрө албай жүргөн эки мамлекеттин тең жарандарына эң сонун шарт жаратып беришти. Кезегинде бир туугандай байланыш болгон. Мына бүгүндөн тарта эки мамлекеттин карым-катнашы күчөйт. Куда-сөөктөрдүн, туугандардын катышына чоң жеңилдиктер жаралат», - деди өкүл.

Андаң соң Өзбекстандан келген делегация Кыргызстан тарап өткөргөн расмий ачылышка күбө болушту. Бул көзөмөл өткөрүү жайдын ачылышын улай атайын боз үй тигилип, анда улуттук даамдар коюлган. Улуттук колориттеги кийимдер менен конокторду тосуп алган саамалыкта улуттук бийлер аткарылып, ырлар жаңырып, төкмө акындар элдин үнүн ырга кошуп ырдап, жакшы тилектер айтылды.

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын башчысы Таалайбек Кожошовдун айтымында, бул жайдан бүгүндөн тарта жөө адамдар өтө баштады.

«Быйылкы жылдын 8-июлундагы №347 токтомдун негизинде көзөмөлдөөчү жай ачылып, бул жердин өзгөчөлүгү көп тармактуу болуп жатат. Себеби, Россиянын, Казакстандын жарандары жөө өтө алышат. Чет элдик паспорттор менен гана өтүшөт. Эртең мененки саат 07:00дөн кечки 19:00гө чейин өтүүгө болот. Коммерциялык жүктөр өткөрүлбөйт», - дейт ал.

Мындагы көзөмөл өткөрүүчү жай жөө адамдар үчүн 2004-жылы ачылган. Бирок коңшу тарап 2016-жылы бир тараптуу жапкан. Бул абал эки мамлекеттин тең куда-сөөк күткөн, туугандары бар жашоочуларга кыйынчылык жаратып келген.

Мунун менен Жалал-Абад облусунда экинчи жолу көзөмөл өткөрүүчү жай ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 684
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×