Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Фото, видео - Кыргыз-өзбек чек арасында дагы эки пункттагы талаптар жеңилдетилди

Turmush -  Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы дагы эки пункттагы талаптар жеңилдетилип, эки өлкөнүн жарандарына жакшы шарттар түзүлдү. Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын бүгүн, 1-октябрдагы ачылышына Turmush басылмасынын кабарчылары да күбө болушту.

Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагында «Маданият» көзөмөл-өткөрүү жайдын ачылышы өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Андижан облусунун акими Абдрахманов Шухратбек баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

К.Сатыбалдиев баштаган делегация алгач Өзбекстан тарапка өтүшүп, ачылуу аземине катышты. Ошондой эле, Өзбекстандан келген делегаттарды кыргыз жерин даңктаган ыр менен тосуп алышты.

«Эки мамлекеттин башчыларына рахмат. Эки өлкөнүн эли үчүн бир нече жылдан бери жакындары менен катташууда кыйынчылык жаралып келген. Эми ынтымак мамиле чыңдала берет», - деди Жалал-Абад облусунун жетекчиси.

Ошондой эле, Баткен облусундагы «Кадамжай» өткөрмө бекети эки тараптуу ачылып, андагы талаптар жөнөкөйлөтүлдү. Райадминистрациянын маалыматы боюнча, бүгүнкү аземге Фергана облусунун жетекчилери, акимдер жана Баткен облусунун жетекчилиги, Кадамжай районунун акими Ж.Исаков катышты.
Бул пункт аркылуу эки өлкөнүн жарандары телеграммасыз тоскоолдуксуз өтө алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1603
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×