Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Сары-Челектеги аскадан израилдик Хилланын денесин алып чыгышты (толугу менен)

Turmush -  Аксы районунда асканын арасынан израилдик кыздын жансыз денеси чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. Сары-Челек коругунун директору Эсеналы Ормоналиев кабарчыга денени 33 жаштагы жергиликтүү тургун алып чыкканын билдирди.  

«ӨКМдин кызматкерлери жана чет өлкөлүк куткаруучулар аскага түшө албай коюшту. Израилдик кыздын денесин 33 жаштагы жергиликтүү тургун алып чыкты. Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деди ал.  

Эми денени туулган жерине жөнөтүү аракеттери көрүлөт.

23-сентябрдан бери изделип жаткан 22 жаштагы Хилла Ливненин денеси кечээ, 29-сентябрда саат 13:30 чамасында Россиядан Кыргызстанга кино тартуу үчүн келген топтун дрону аркылуу табылган. Россиялык топ ӨКМдин өтүнүчү менен дронун издөө иштерине берген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы, денени алып чыгуу иштерине жергиликтүү тургун жардам көрсөткөнүн билдирди.

Сүрөт ӨКМден:

«ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жетекчилигинде издөө ишине жалпы 50 адам жана 6 ит — райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер жана 4 ит, жергиликтүү тургундардан 7 адам, Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, Сары-Челек коругунун кызматкерлеринен 8 адам Израиль мамлекетинен 6 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучуларынан 7 адам тартылды.

Турист кыз Көтөрмө ашуусунда жолдон адашып, 50-60 метр бийиктиктеги аскадан кулап кеткен. Бул аймакты жакшы билген жергиликтүү тургун куткаруучуларга жол көрсөтүп берип, бирге иштеди.

Жергиликтүү тургун аркан менен түшүү ыкмаларын жакшы билгендиктен өз каалоосу менен асканын арасына түшүүнүсуранган. Ал Хилла Ливненин жансыз денесин арканга байлап, алып чыкты. 29-сентябрда саат 18:30да жансыз дене РИИБдин кызматкерлерине берилди», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Сүрөт Turmush басылмасынын кабарчысына таандык:


Хилла Израилдин Тель-Авив шаарында төрөлүп, ошол жакта өскөн. Бала кезинен эле израилдик скауттардын (чалгындоого чыккан жоокер) бирикмесине мүчө болуп, саякаттоого болгон сүйүүсү жанданган. Ал чоңойгондо аталган бирикменин нускоочуларынын (инструктор) бири болгон. Хилла мектепти аяктагандан кийин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары окуган Иерусалимдеги мектепке ыктыярчы болуп кирген. Кийин ал фитнес жана спорт машыктыруучусу болуп, ошондой эле чөлдө жайгашкан Израиль армиясынын аскер лагеринде да иштеген.

Сүрөттөр Хилланын социалдык түйүндөгү баракчасынан алынды:

Бул окуя боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги толук маалымат берди.

ӨКМдин расмий маалыматында: «2017-жылдын 23-сентябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израиль мамлекетинин эки жараны жана Франциянын эки жараны турист болуп келишкен. Алар Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылынан Кара-Камыш көлүн көздөй жөө кетишкен.

23-сентябрь күнү Кара-Камыш көлүндө түнөп калып, 24-сентябрда 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышкан. Көтөрмө ашуусуна жеткенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу, израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливна жолдон адашып, бөлүнүп калган. Израилдик экинчи турист — 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган. Ага Франция мамлекетинен келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Израиль мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон менен байланышка чыгып, кабар беришкен. Израилдин туристтик фирмасы Кыргызстандагы CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. Кыргызстандагы фирма Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.

24-сентябрда саат 19:00 чамасында Р.Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен 3 турист турган жерди таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливнени табышпай, 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына жеткиришкен», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13733
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×