Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта алыш күрөшү боюнча ачык чемпионат өттү (фото)

Turmush -  Сузак районунун борборунда кечээ, 28-сентябрда алыш күрөшү боюнча ачык чемпионат болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спорттук иш-чарага Тажикстандан да балбандар келип, жалпы 500дөн ашык спортчу катышты. Алыш күрөш боюнча мелдеш 60-80-100 кг жана 100 кг салмактан ашык спортчулар арасында өткөрүлдү. Мындан сырткары, футбол, самбо, волейбол, баскетбол боюнча мелдештер өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жергиликтүүлөр мындай саамалык район борборунда биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×