Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Кара-Көлдө балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны көбөйүүдө

Turmush -  Кара-Көл шаарында 6 жашка чейинки балдарды пландык эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунолог дарыгеринин жардамчысы Айжан Макенова билдирди.

Анын айтымында, 9 айда 178 ата-эне балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан.

«Булардын баары диний көз караштагы адамдар деп айтууга болбойт. Арасында интернеттен ар кандай маалыматтарды окуп алып ушундай кадамдарга баргандар бар. Пландык эмдөөдөн өтпөгөн балдар бала бакчага кабыл алынбайт. Учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кээ бирлери балдарын бала бакчасына алып барууга уруксат алуу үчүн келишет. Биз аларга дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди А.Макенова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 470
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×