Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда 41 жаштагы аялды зордуктап, чачын кырып, бир жума камаган кишилер кандай жаза алат?

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында бейтааныш аялды зордуктап, ур-токмокко алуу менен бир жума камап койгон 3 шектүүгө карата шаардык сот чечим чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаардык сотунун ушул жылдын 25-сентябрындагы өкүмү менен З.К. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылган жана 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле, КЖКнын 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен күнөөлүү деп табылган жана 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Мындан тышкары, КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (адамдардын тобу тарабынан бейбашчылык) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.

КЖКнын 59-беренесинин негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, З.К.га 13 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы каралып, жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абакта өтөө белгиленген. Ал эми айыпталган К.А.Ж. менен Т.К.М. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ар бири 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

К.А.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыштарды жасагандыгы далилденбегендиктен акталган.

Т.К.М. Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш жасагандыгы далилденбегендиктен акталган.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Майлуу-Суу шаарында бейтааныш аялды зордуктап, ур-токмокко алуу менен бир жума камап койгон 3 шектүү кармалган. Окуя 2017-жылдын 18-майында болгон.

«41 жаштагы аял Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылындагы аялдамадан Кочкор-Ата шаарына чейин баруу үчүн жеңил унаага түшкөн. Жалал-Абад шаарына бара жаткан унаанын ичинде айдоочу менен бирге 35-40 чамасындагы 2 эркек киши болгон. Бирок, орто жолдон белгисиз себеп менен унаадагы кишилер жүргүнчү аялды сабап, кайра Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, күч колдонуп зордукташкан. Алсыраган аялдын чачын дагы сакал алгыч менен кырып салышкан. 3 эркек жабырлануучу аялды 18-майдан 25-майга чейин сыртка чыгарбай, камап коюшкан. Жабырланучу 25-майда качып чыгып, Майлуу-Суу ШИИБдин милиция кызматкерлерине кайрылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Денесинен жаракат алган жабырлануучу шаардык биргелешкен оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты боюнча ыкчам тергөө жүргүзгөн Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүлөр — Майлуу-Суу шаарынын 43 жаштагы тургуну З.К., Көк-Таш айылынын 22 жаштагы тургуну Т.К. жана Бүргөндү айылынын 36 жаштагы тургуну К.А. кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2085
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×