Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ала-букалык К.Эргашева кайналыны кымбат сатуунун жолун тапты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынын тургуну Кундуз Эргашева айылдаштарынан айырмаланып кайналыны кымбат сатуунун жолдорун өздөштүргөн. Анын айтымында, айылда иш жок болгондуктан тургундар кайналы терип, сатуу менен үй-бүлөлүк кирешесин толуктап алышат.

«Бакчабызда 175 түп кайналы бар. Учурда түшүмүн балдарым менен терип жатам. Убагы келгенде кечиктирбей мөмөсүн терип алуу керек, антпесе жерге түшүп калат. Айылдаштарыбыз кайналынын килограммын 10-15-20 сомго чейин сатып жатышат. Ал эми биз алардан айырмаланып кайналыны данегинен ажыратып, как кылып кургатып, андан соң сатабыз. Үйдө кайналы жайган жер тар болгондуктан көбүнчө көчөгө алып чыгып, асфальтка жайып жатабыз. Мисалы, бүгүнкү жайылган кайналы үч күндө кургап, как болуп калат. Жайган мөмөлөрүбүздү түнкүсүн балдарыбыз карашат. Өзүбүз жетишпей калганда жардамчы алабыз, аларга акы төлөп беребиз. Алар орто эсеп менен бир күндө 1000 сомго чейин алышат. Балдарыбыз сабактан келгенден кийин жардам беришет. Тууган-урук, коңшу-колоң, теңтуштардын бары жол жээгине чыгып, как жайышат. Айылда башка иш жок болгондуктан, барыбыз кайналы сатып, үй-бүлөлүк бюджетти толуктап алабыз», - дейт К.Эргашева.

Ал кайналыны азыр эмес, кыш мезгилинде сатуу бир топ кирешелүү экенин айтты. Анткени кыштын күнү кайналынын баасы 3-4 эсе кымбаттайт.

«Учурда көпчүлүк тургундар кайналыны сырттан келген кардарларга, чайкоочуларга арзан баада сатып жатышат, андан көрө аны кургатып, как кылып, кышында сатса абдан кирешелүү болот. Биз жыл сайын кышында килограммын 100 сомдон 120 сомго чейин сатабыз. Антпесе, өстүргөн кайналынын кадырына жетпей калбайбызбы. Быйыл дагы кургатып, кышында сатууну пландап жатабыз. Андан түшкөн кирешеге уулумду үйлөнтүп, той өткөрөбүз», - деп кошумчалады ал.

К.Эргашеванын 5 баласы бар.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 532
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×